Самарканд облусунда эне балдарын кыйнап, өлтүрөм деп коркутуп жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.
Окуя Самарканд облусунун Каттакурган районунун Андок айылында болгон. Видеодо аял балдарды кыйнап, жолдошуна кайрылганын көрүүгө болот.
Баласын кармап камерага көрсөтүп, «Ата, мен өлүп баратам деп айт. Мени менен коштош деп айт» — деген. Кичүү баласын дагы мойнунан кармап «Көрдүңбү ушинтип өлтүрөм» деп жатканын угууга болот.
«Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду»- деп берилет милициянын маалыматында.