7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
11°C

Жалал-Абадда экопаркка 1300 даана көчөт отургузулду

240

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарынынын Ж.Бакиев атындагы экопаркка 1300 даана каштан дарагынын көчөтү тигилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Жашыл мурас» өнөктүгүнүн жана үч айлыктын алкагында өтүп жаткан ишембиликке президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттер катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков, 2023-жылы “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад шаарына 4475 даана көчөт отургузуу пландалганын, быйыл калааны көрктөндүрүү, жашылдандырууга басым жасалаарын белгилеп, шаар тургундарын жана мекеме-ишканалардын кызматкерлерин ишембиликтерге активдүү катышууга чакырды.

Эске салсак, аталган парк 2008-жылы Ж.Бакиев атындагы фондго 49 жылдык мөөнөткө парк катары пайдаланууга ижарага берилген. Бирок, келишимдин талаптары толук аткарылбай, парк кароосуз калгандыктан бир нече күн мурда мэрия паркты муниципалдык менчиккке кайтарган.

Алдыда шаар тургундары жана коноктору эс ала турган заманбап паркка айлантуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан иш-аракеттер жүргүзүлмөкчү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

241