7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атабеков: Тажикстанда Кыргызстандын президентин жогорку деңгээлде тосуп алышты

307

Тажикстанда Кыргызстандын президентин эл аралык протоколго ылайык жогорку деңгээлде тосуп алышты. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине дипломат Жумакадыр Атабеков билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөнүн Садыр Жапаровду тосуп алуудагы даярдыгы кандай деңгээлде болгондугу баарына эле көрүндү.

“Дипломаттардын “жогорку мамлекеттик протокол” деген жакшы термини бар. Протоколго ылайык, белгиленген датага карата даярдык көрүлөт. Андагы ар бир пункт эрежеси менен так аткарылган. Даярдык мыкты деңгээлде болгон. Президенттик эскортту тосуу, төшөлгөн кызыл килем, кортеж, ырчы-чоорчулар, бийчилер, жооптуулар баары дыкат каралып даярдалган. Ар бир кыргыз мындай деңгээлге чыкканыбызга кубанбай койбосо керек. Кечээ укмуштуудай көз жоосун алган концерт да болду. Ошол концертте да өлкө башчыга болгон сый-урматты көрдүк. Абдан жакшы жетишкендик. Мына ушундай жетишкендикке жетип отурганыбызга өлкө башчысына бир гана ыраазычылык билдирип, макташ керек”,-деди ал.

Ал белгилегендей, кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн мындай дымактуу мамилеси эми башка өлкөлөргө да үлгү болот.

“Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө маалым болду. Мунун аркасында кыргыз дипломаттары эл аралык деңгээлде бир баскычка алдыга көтөрүлдү. Биз ар бир мамлекетке үлгү болуп жатабыз. Ал эми Орто Азиядагы биздин боордош өлкө менен коюлган келишимдер, ынтымакты бекемдөөдөгү аткарылган иштер бир нече жылдардан кийин өз жемишин берет”,- деди ал.

308