Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы туристтик багыттарынын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бизден кийинки саптарда дүйнөлүк туризмдин гиганттары Италия, Япония, Португалия жана Испания. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек фейсбуктагы баракчасында жазды.
“Британиялык Much Better Adventures 2026-жылга карата дүйнөдөгү эң мыкты туристтик багыттардын рейтингин түзүп, Кыргызстанды биринчи орунга койду. Баалоодо эксперттердин тажрыйбасы менен катар коопсуздук, баалар, визалык жеткиликтүүлүк, инфраструктура эске алынган. Өзгөчө акыркы 12 айда Кыргызстанга тажрыйбалуу саякатчылардын кызыгуусу кескин өскөнү белгиленип, өлкөбүздүн керемет жаратылышы менен бирге кыргыз элинин меймандостугуна өзүнчө басым жасалган.
Президент Садыр Жапаров туризмди экономиканын маанилүү багытына айлантууга дайыма басым жасап келет. Мындай эл аралык баа да бир күндүн жыйынтыгы эмес. Өлкөдөгү коопсуздук, жаңы инфраструктура, дүйнөгө ачык саясат, Кыргызстанды таанытуу жана жалпы Борбор Азиядагы туруктуулук туристтердин кызыгуусун арттырууга өз таасирин берип жатат.
Эми жакынкы күндөрү Кыргызстанга 20дан ашуун мамлекеттен жетекчилер, делегациялар жана миңдеген коноктор келет.
Британиялык басылманын Кыргызстанга берген мындай жогорку баасын сактап, дагы көтөрүү ар бирибизден көз каранды экени талашсыз. Өлкөбүзгө келген ар бир конок кыргыздын меймандостугун сезип, Кыргызстан тууралуу жакшы таасир менен кайра кайткыдай болсун дейм” – деп билдирди ал.



