Бишкек шаарынын мэриясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине билет сатып алган же чакыруу алган көрүүчүлөр «Бишкек Аренага» чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилерин эскертет.
Шаттл-автобустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 багыттагы токтоо жайынан каттайт. Көрүүчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун алдын ала тандап, салтанат өтүүчү жерге акысыз транспорт менен баруу сунушталат.
Иш-чара аяктагандан кийин шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү кайра жеткирип барат. Бишкек шаарынын мэриясы кайтууда алгачкы отурган жерине туура келген маршрутту пайдаланууну сунуштайт.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
- Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
- Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
- Тунгуч кичи районунун акыркы аялдамасы, 64/1;
- Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод)
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
- Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Globus);
- Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
- Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
- Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЭПО-2);
- Москва көчөсү, 239, 4-электр автобустарынын (ДЭПО-1) акыркы бекети;
- Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
- Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
- Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
- Тыналиев көчөсү, 16.



