Президент «бир ууч адам эмне дейт» дегенден коркпойт, ал «мамлекеттин келечеги, тарых кийинки муун эмне дейт» деген жоопкерчиликти биринчи орунга коюп жатат! Бул тууралуу активист Атай Бейшенбек уулу фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
«Чек ара чыңалган маалда Ташиев «эл сени жеп коёт, Рахмонго барба» деген пикирин айтканда, Жапаров «мага репутация эмес, жаш мекендештердин өмүрү маанилүү» деп чечим кабыл алганын унуттуңарбы?! Элдин убактылуу реакциясын ойлосо, Кумтөр боюнча учурунда керек эмес деген тактикалык кадамдарга барып, тарапташтарынын сын-пикирине чыдап, ишенимин сынайт беле?! Бүгүн Садыр Жапаровдун ар чечиминде убактылуу популярдуулук же дешевый пиар эмес, узак мөөнөттүү натыйжа максат экенин айтсак болот. Азыркы кырдаалда да ошондой эле суроо коюлуп жатат, «эмне үчүн мурда эмес, эмнеге азыр, кандай эле, көрбөй калдыбы» жана башка.
Чындыгында Президенттен Камчыбек Ташиевге ишеним, кеңири ыйгарым укук, колдоо, мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн ким танат?! Тар чөйрөдө, аны Президент бир нече жолу чакырып, туура эмес аракеттер боюнча эскертүү берип, бизнеске басым жасабоого, ачык иштөөгө, мамлекеттик кызматтын чегинен чыкпоого чакырганы айтылып эле жүрөт. Эскертүү берип, кээде урушуп тураарын деле укчу элек го?! Болгону Президент, Ташиев коомчулук алдында сынып калбасын дегенин экс-төраганын тарапташтары түшүнөбү?
Криминалга каршы күрөштө жана чек ара маселесинде ага бекем таяныч болгонун дагы ким танат?! Ал тургай өзү отставкага кетем дегенде «чек араны бүтүр, баштаган ишти аягына чыгар» деген талапты дал Президент коюп келбедиби! Бирок ошол ишеним акталдыбы?!
Туура эмес маалымат берүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, мамлекеттик кызматтын этикасын бузуу көрүнүштөрү улангандан-уланып келди го?! Садыр Жапаровдун ордунда болгондо мындай кишиге кимиң канча убакытка чейин чыдайт элеңер?! Акыр аягы, Ташиев кандай жол болбосун «Президент мен болом» деген багытта ишин баштаганда, Садыр Жапаровдун алдында эки жол турду. Биринчиси жеке мамилени сактап, маселени жабык эшик артында чечүү. Экинчиси мыйзамдуулукту камсыздап, мамлекеттик системага толук иштөөгө шарт түзүү. Садыр Жапаров биз көрүп тургандай экинчи жолду тандады. Достор, чечим алсыздыкты эмес, тескерисинче саясий эркти, эрдикти көрсөттү! Эми мамлекеттик системадагы ар бир адамга мыйзам бузсаң жеке жакындык же мамилең менен эмес, мыйзам менен эсептешесиң деген так сигнал берилди. Ошондуктан ар бириң дардаңдап кетпей азыртан кабыл алгыла! Эми «мурун кайда эле» деген үстүрт суроодон көрө, эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынганын терең талдап, талкуу кылалы. Ишеним берилген, мүмкүнчүлүк түзүлгөн, эскертүү айтылган… Сен ушундай «доско» чыдайт белең?!», — деген Атай Бейшенбек уулу.



