7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Атактуу футболчунун эң жөнөкөй аялы» наамын алган Мессинин жубайы тууралуу фактылар

550

“Атактуу футболчунун эң жөнөкөй аялы” наамын алган белгилүү футболчу Лионель Мессинин жубайы Антонелла Рокуццо тууралуу кызыктуу 11 фактыны сунуштайбыз.

1. Антонелла Рокуццо 1988-жылы 26-февралда Росарио шаарында төрөлгөн. Лионель Месси менен Антонелла 5 жашында таанышкан. Алар балалык кезинде кошуна жашашып, бирге чоңоюшкан. Анын агасы менен Месси дос болуп, биргеликте топ ойноп машыгышкан.
2. Көпчүлүк футболчулардын жубайларынан айырмаланып, Антонелла көп ачык кийимде түшкөн жеке сүрөттөрүн социалдык тармактарга киргизбейт.
3. Антонелла Рокуццо  «футболчунун эң жөнөкөй аялы» статусун алган. Башкалардан жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат. Эл алдына көп жасанып чыкпайт, ошондой эле кымбат баалуу буюмдарды деле көп колдоно бербейт. Мисалы, ал бриллианттары жок, боёнбой эле иш-чараларга келип катыша берет. Кайрымдуулук иштерди көп жүргүзөт.
4. Жолдошу Лионель Мессинин популярдуулугунун аркасында анын күйөрмандарынын чоң армиясы бар. Учурда анын Instagram баракчасында 9 миллиондон ашык катталуучусу бар.

5. Байлыгы менен мактанбайт жана сырткы келбетин өзгөртүүгө аракет кылбайт. Ал коомдук чөйрөдө өзүнүн табигый сулуулугун сактап калган саналуулардын бири катары белгилүү. Ал туура тамактануу жана пилатес менен алектенет.

6. Антонелла университеттен коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча бакалавр даражасын алган, андан кийин стоматологиялык билимди да өздөштүрүүнү пландап, бирок тиш доктур болуу чечимин өзгөртүп, диетолог болууну чечкен .
7. Кесиби боюнча иштеген эмес. 2016-жылы дизайнер Рики Саркани менен келишим түзүп, кийим жана бут кийим тармагына өткөн. 2017-жылы досу менен бирге бизнеске кирип, Барселонада бут кийим дүкөнүн ачкан.
8. Учурда аталаш туугандары менен “Enfans” аттуу өзүнүн брендин иштеп чыгууда.
9. Ошондой эле күйөрмандары аны «үй-бүлө очогунун сакчысы» деп аташат, анткени ал өзүн толугу менен балдарды тарбиялоого жана Лионелге кам көрүүгө арнайт.
10. Учурда түгөйлөрдүн Тиаго, Матео, Чиро аттуу үч уулу бар.

11.Мессинин жубайы анын негизги күйөрманы. Ал жолдошу катышкан бардык оюндарга барып, колдоо көрсөтүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551