Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин үчүнчү күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында жогорку жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.
Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:
«Талас шаары» жана «Ак-Суу» 8:4;
«Биримлик» жана «Аксы» 6:2;
«Кара-Кулжа» жана «Ак-Кула» 12:3;
«Достук» жана «Жаштык» 11:3;
«Мурас» жана «Альянс-Алтын» 5:1.
Оюндар УТРК Спорт телеканалында түз эфирде көрсөтүлүүдө.