7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы сүйлөшкөн кызын коркутуп, акча алып жүргөн жигит кармалды

955

Москвада мурун сүйлөшкөн кызын коркутуп, бир нече ай акча алып жүргөн Кыргызстандык жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы Кыргызстандык жараны кайрылып, жеке мүнөздөгү материалдарды коомчулукка таратам деп коркутуп, көптөн бери акча каражатын талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, мурунку жигити жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн. Көрсө, ал кыз 2022-жылдын ноябрынан баштап сүрөттөрү ачыкка чыгып кетишинен коркуп, көп убакыттан бери акча которуп турган. Ал эми жигит 5 ай бою акча каражатын айлык катары тынымсыз алып келген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, 2001-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну кармалып, ал опузалап акча талап кылган мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпталууда. Шектүү ушундай жол менен опузалап 66000 рубль акча каражатын алган.

Учурда, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

956