Белгилүүлөрдүн мектепти канча жыл мурун бүткөнүнө кызыгып көрдүк.
Алып баруучу Айзада Жамгырчиева мындан 13 жыл мурун мектепти бүтүргөн. Ал азыр окуучулук кезиндеги кыялдарында жашап жаткандыгын айтып, аракет болсо- баары мүмкүн экендигин белгилеп кеткен.

Өзгөчө үнгө ээ ырчы айым Салидинастын мектеп бүтүргөнүнө 10 жыл болду. Ал 2016-жылы билим уясынан учкан.

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы 2005-жылы мектеп босогосу менен коштошуп, быйыл 20 жылдык кечесин өткөрдү.

Актриса Малика Абдыразакова 10 жыл мурун мектеп партасы менен коштошкон

Блогер Айдина Турдалиева 2018-жылы окууну аяктаган.Быйыл мектеп менен коштошконуна 7 жыл толду




