7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атамбаевдин адвокаттары бошотуу өтүнүчү менен кайрылса өкүм оң жакка чечилиши мүмкүн

300

Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди.


Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.


«Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселе ишти жаңыдан карап жатканда адвокаттары өтүнүч менен кайрылса чечилиши мүмкүн», — дешти Жогорку соттон.


Буга чейин адвокат Сергей Слесарев мурдагы президент жакында абактан бошотулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Жогорку сот чыгарган чечиминде баш коргоо чарасы тууралуу айткан эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301