7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атасына арналган бийиктик! Кыргыз желеги Африканын чокусунда желбиреди

350

Африканын эң бийик чокусу — Килиманжаро! Кыргызстандык саякатчы Марат Ниязмат уулу деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктикке чыгып, Кыргызстандын желегин көтөрдү.

Ал бул чоң ийгилигин жакында көз жумган атасына арнаганын айтып, көзүнө жаш алды. Саякатчы Африкага чейин миңдеген чакырым жолду велосипед менен басып өтүп, Кения, Уганда, Сенегал сыяктуу өлкөлөрдү артта калтырган.

Анын айтымында, бул сапар жөн гана спорттук максат эмес, чоң турмуштук сыноо болгон. Мараттын саякатынын ар бир кадамы, анын Instagram баракчасында чагылдырылып турган. Кыргыздын желеги эми Килиманжаронун чокусунда желбиреп турат…

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

351