7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атазов өлкөдөн качып кетип, сырттан интервью берген президенттерди жыйынга чакырды

1126

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөн качып кетип, сырттан интервью берген президенттерди жыйынга чакырды. Бул тууралуу сунушун ал бүгүн, 19-майда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыйынга өлкөдөгү айрым көйгөйлөрдүн жаралуусуна түздөн-түз таасир эткен Кыргызстандын мурдагы Президенттери дагы катышышы керек.

«Бирөөсү Кремлде отуруп алып интервью берип жатса бирөөсү түрмөдө отурат. Алар өлкөнүн кызыкчылыгында болбогон чечимдерди кабыл алышкан. Жыйынга келип жооп беришсин», — деди ал.

Белгилей кетсек, жакында эле «Кумтөр» маселеси каралып, Кумтөр боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров мурдагы Президенттер жана Премьер-министрлерди келишимге барганы боюнча айыптаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1127