7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерин ташып бара жаткан жүк кармалды

559

Аткезчилик жол менен «аммиак селитрасы» жана «карбамид» минералдык жер семирткичтерин ташып бара жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-февралында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргызстандын коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшту.

Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалды. Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик баажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560