7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 4 миң 65 даана телевизор табылды

327

МБКнын кызматкерлери УКМК ККК менен бирге 4056 даана контрабандалык товар – телевизорлорду табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, “Түндүк” ТЖБнын кызматкерлери КР УКМК ККК кызматкерлери менен бирге “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин “Аламедин” темир жол станциясынын аймагында КЭРден “РТ” ЖЧКнын дарегине келген товарларга карата бажы контролун жүргүзүүдө 4056 даана бажылык жактан декларацияланбаган телевизорлор табылган.


Жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында, тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн алдын ала суммасы 15 миллион сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

328