Баткен облусунда акимдерди жана алардын орун басарларын кайра баалоонун жыйынтыгында Баткен районунун акими Акылбек Орозов 60 суроонун 29уна туура жооп берип, экинчи турга өтпөй калды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
Аким Акылбек Орозовго байланышсак, кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.
«Башым ооруп турат, маалымат бербей эле коёюнчу. Эгер кайра тестке катышуу керек болсо катышам»-деди Орозов.
Орозов Баткен районунун акими кызмат ордуна ушул жылдын 15-февралында Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун дайындоосу менен келген.
Белгилей кетсек анын биринчи орун басары Адыбек Набиев, экинчи орун басары Кишимжан Кыдырова кийинки баскычка өтүшкөн.