Бүгүн, 9-март өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, Нарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3°C, күндүз +15°C жылуу болот. Чүй облусунда түнкүсүн +1°C, күндүз +18°C жылуу болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4 градус жылуу болсо, күндүз +18 градуска чейин жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн -7 градус суук болсо, күндүз +8 градуска чейин жылыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 градус суук, күндүз +10 градуска чейин жылыйт.
Талас облусунда түнкүсүн 0 градус суук болсо, күндүз +17 градуска чейин жылыйт.



