7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Авангард стиль», «Сапат» жана башка эң мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

251

Бүгүн Салык кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, салтанаттын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон ак ниет жана мыкты салык төлөөчүлөр сыйланды.

Алардын катарында «Авангард Стиль» курулуш компаниясы, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси, «Синематика», «Голден Магнат», «Али Мед КейЖи» сыяктуу ири ишканалар жана жеке ишкерлер бар.

Мындан тышкары, салык тармагындагы кызматташууну чыңдоого кошкон салымы үчүн «Яндекс Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Тилек Сулайманов Салык кызматынын медалы менен, ал эми компаниянын GR-директору Азамат Буржуев Ардак грамота менен сыйланды.

Иш-чара Салык кызматынын алдыңкы кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.

252