7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укук боюнча консультациялык борборуна кошулду

173

2026-жылдын 30-июнунда Женева шаарында Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) укук боюнча Консультациялык борборуна (ACWL) кошулуусу тууралуу Протоколго кол коюу аземи өттү. Ушуну менен Кыргызстан Борборго мүчө болгон 47-өлкө болуп калды. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, документке Кыргыз Республикасынын ДСУ алдындагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов жана ACWLдин Аткаруучу директору Найл Мигер кол коюшту. Аземге ошондой эле Норвегия Королдугунун ДСУ алдындагы Туруктуу өкүлү, элчи Петтер Ольберг катышты. Белгиленгендей, Кыргызстандын бул борборго кошулуусу Норвегиянын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

ACWL 2001-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм болуп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө ДСУ укугу жана соода талаштарын жөнгө салуу боюнча юридикалык жардам көрсөтөт.

Кыргызстандын бул борборго кошулуусу өлкө үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын ичинде ДСУ маселелери боюнча эксперттик юридикалык корутундуларды кошумча чыгымсыз алуу, соода талаштарында жеңилдетилген шартта укуктук колдоо жана мамлекеттик адистерди акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү бар.

Расмий өкүлдөрдүн баамында, бул кадам Кыргызстандын ДСУ алкагындагы укуктарын натыйжалуу пайдаланууга жана улуттук соода кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзөт.

174