7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автобустар аялдамага туура токтоп жатабы? Мэрия рейд уюштурууда

398
Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан муниципалдык коомдук транспортко рейд жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө шаардыктарды муниципалдык автобустар менен тейлөө сапатына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автобус жүргүнчүлөрүн отургузуу жана түшүрүү тартибине, коомдук транспорттун тазалыгына өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле уруксат берилбеген жерге токтогон айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, айрым муниципалдык автобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерден алып, түшүрүп, борбор калаанын жолдорунда тыгындарды жаратууда.
Мындан тышкары, коомдук транспорттордун тоскоолдуксуз кирүү жана чыгуусун камсыз кылуу максатында пилоттук режимде аялдамаларга атайын белгилер жана сигналдык мамылар орнотулууда.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка аялдамаларда да ушундай белгилер пайда болот.
399