Каганат доору аяктап калгандан кийин, кыргыздын бир айылы өзүнүн өмүрүн, жашоосун кенен-чонон өткөрүп жаткан экен.
Айдыңы айдай сулуу, кышы да жайдай жылуу ала-темгил тоо арасындагы кыргыз айылында, Айдарым аттуу мукам үндүү мыкты ырчы жигит Миңаруу деген келинчеги, тестиер курактагы уулу, кызы менен жашачу экен.
Айдарым ырдаганда бүт айыл чапкан кетменин токтотуп, тоскон малын кайрып, мемиреп угуп калчу дейт. Ошентип ал элдин кулагына киреп кетет.
Айдарымдын комузунан чыккан билинер-билинбес, угулар-угулбас, туюлаар-туюлбас, кандайдыр кошмок сырдуу кош добушка, коңур үнү кошулганда теребел термелип, айлана арбалып, бүт айыл мээмиреп, ал тургай түндүк үстүнөн учуп бараткан торгой да керемет күү-обонго назар байлап, сапарын карытып түндүккө конуп, тыӊшап угуп мемирейт. Кеткиси келбей, уялап, ошо түндүктө калып калат экен.
Ошондой күндөрдүн биринде, түк калтырбай түрө чаап келаткан жоо кабары айылга жетет. Катуудан таш калтырбай, жумшактан баш калтырбай, кереге-уугун кыйратып, кыз-келинин ыйлатып, тыптыйпыл кылып сапырып келаткан хандын кабары жеткенде, ошол ырчы жашаган айылдын эли үйүн жыйнап, малын айдап качат экен. Ал эми ырчы жигит Айдарым түндүгүндөгү торгойдун уясын даап буза албай, уук чечпей, уяны коргогон бойдон журтта калат.
Ошентип, кайран ырчы торгойдун уясын карап отура берет. Жоо келип, ээн калган журттагы жалгыз боз үйдү көргөн Кол башчы, вазирин жумшап, «бу жүрөгү бүтүн үркпөгөн кандай неме, элдин бары түрүлүп-сүрүлүп качып кетсе, бул коркпой отурат, билип келчи?» – дейт. Вазир чаптырып келип, «кыйынсыңбы кыр көргөзүп, эмне көчө качпадың?» – дегенде, Айдарым түндүктөгү торгойдун жумурткалуу уясын көргөзүп, «Түндүгүмө торгой уялап, балапандарынын баштары чыгып калды. Кыргыз наркында кыргыз салтында уя бузган болбойт, уя бузган ордо бузган менен барабар, журт бузган менен барабар. Кактап канымды соруп, чапкылап келип жайлап кетсен дагы мен бул торгойдун уясын буза албайт элем. Кереге жыйып, уук чечсем, уя урап, тукум курут болот, убалдан коркуп, качпадым!»- деген жооп айтат.
Вазир кайтып келип, «түндүгүндөгү торгойдун уясын бузгандан тартынган кем акыл, айнык экен…» дегенде, айраң таң калган Кол башчы өзү бастырып барып, эргилчекти түрүп, эӊкейип кирип, үргүлчөккө жашынган аялдын сулуу жүзүн көрүп, каарданып теше тиктеп, кылычын камдап турган жигиттин айбаттуу мизин көрүп, бир чети ыраазы болуп, «Мен канча айылды талкалап, журт өрттөп, элди кырып, конуш буздум, сен болсо түндүгүндөгү бир макулуктун уясын коргоп, бүтүндөй бүлөң менен өлүмдөн коркпой ажалыңа тик карадың, баракелде, баатыр экенсиӊ» – деп, таазим кылып, камчысын бооруна көтөрүп, арты менен чыгып, аскерин жыйып кайтып кетет экен.
Улуу журт, уул-кыздарын ушундай уламыштарды улап айтып тарбиялап, муундан – муунга жеткирип келишти…
Посмотреть эту публикацию в Instagram