Социалдык тармактарда той кортеждеринин унаалары жолду тороп, автоээнбаштык менен бара жаткан видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү “Бишкек-Чалдабар” унаа жолунда жолду тороп, башка айдоочулардын жүрүү кыймылына тоскоолдук жаратышкан эки “Toyota Camry”, “Чынган EV-460” жана “Тойота RV-4” үлгүсүндөгү жалпы төрт унаанын айдоочуларын кармашып, Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык ар бир унаанын айдоочуларына 15000 миң сомдон айып пул салышып, унааларын убактылуу айып короо жайына киргизишти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram