7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК казак ишкери Ясынжан Таировго издөө жарыялады

215

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, «Симирам» эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович изделүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ясынжан Таиров Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз аракеттеринен, тагыраагы рэкет, опузалап акча каражаттарын системалуу түрдө алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден жыйым алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, колдоо алуу максатында КР аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн.

Ясынжан Таиров «Мыйзамдагы ууру» Көлбаевдин кылмыш ишин каржылоо максатында, ага 200 миң АКШ доллары суммасындагы акча каражатын бергени аныкталган. Ошондой эле, «Симирам» эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган.

Мындан тышкары, маалыматтарга караганда, Таиров менен Көлбаев ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруусун көрсөтүп, кымбат баалуу белектерди берип турган.

Белгилей кетсек, алардын жолугушуулары Чолпон-Ата шаарында, Көлбаевге жана ага аффилирленген жактарга таандык болгон «Барс» комплексинин аймагында өткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып алынган, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган.

 

216