Автордук сыйакылардын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 23,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, отчеттук мезгил ичинде чогултулган автордук сыйакылардын суммасы 16 358 864 сомду түздү, бул былтыркы жылдын ошондой эле мезгилиндегиге салыштырмалуу 23,4 пайызга көп. 2022-жылы чогултулган сумма 13 256 560 сомду түзгөн.
Ошондой эле Кыргызпатент тарабынан республикалык бюджетке келип түшкөн акча каражаттардын суммасы 160 млн 453 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга өстү. 2022-жылдын 11 айында бул сумма 136 млн 235 миң сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын жана 2022–2026-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын негизинде жүргүзүлгөн.