7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автоунааны айдап качкан 39 жаштагы жаран кармалды

758

Автоунааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы М.Н.аттуу тургуну 2021-жылдын 12-июнь күнү болжол менен саат 20.00 чамасында “Деу Матис” үлгүсүндөгү автоунаасын Кызыл-Кыя шаарындагы “Эки Дос” аталышындагы ашкананын жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз атуул айдап качып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошол эле түнү Кызыл-Кыя ШИИБнин милициясы тарабынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын тургуну 39жаштагы Н.Х. аттуу жаранын аныктап кармап келишкен.

Белгилей кетсек, уурдалган унаа өз ээсине кайтарылып берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

759