Быйыл өлкө аймагы боюнча жалпы 8300 гектар жерге сабиз эгилген. Түшүмдүүлүк орточо 200 ц/га, дүң жыйым 166 500 тонна болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
2020-жылы 7828 гектар аянтка сабиз себилип, 154 188 тонна жыйналган.
2019-жылы 7958 гектарга эгилип, 155 619 тонна түшүм алынган.