2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Япониянын командасына биринчи таймдын жыйынтыгында 1:3 эсебинде утулууда.
Маалыматка ылайык, оюндун 27-мүнөтүндө 11 метрлик айып соккусу белгиленип, Япониянын командасынын чабуулчусу Адо Онаиу айып соккуну голго айлантты. Ошондой эле 31 жана 33-мүнөттө кайрадан Адо Онаиу гол киргизип, эсепти 3:0гө айлантты.
Беттеш Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда өтүүдө.
Биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык футболчуга орой оюн көрсөткөндүгү үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленип, топту Мирлан Мурзаев тээп гол жаратты.
Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.