Алматыда аял 45 жыл тизесине ийне сайылып калганына карабай басып жүргөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Борбордук шаардык клиникалык ооруканага аял оң тизесине тигүүчү машинанын ийнеси сайылганын айтып кайрылган. Анын айтымында, ал бала кезинде жаракат алган.
«Мурда мен мынчалык кыйналган эмесмин, быйыл оору күн сайын күчөдү. Аксап калып, ооруканага бардым. Рентгенге түшүп, операция керек деп айтышты»— деди бейтап.
Операция жарым саат жасалып, ийгиликтүү өткөн. Андан соң аксабай, ооруганы да басылган.