Бишкек шаарында ден-соолукту чыңдоочу мончо комплекси салынып жатат. Ал жерде бүгүн капсула салуу иш чарасы өттү. Куруу иштери март айында башталган. Ал 1958 -жылы салынган эски мончонун ордуна салынып жатат.
Ден-соолукту чыңдоочу мончо азыркы замандын талабына ылайык курулат. Ал 3 кабат болот. 240 кишиге ылайыкталат. Анда шаар тургундарынын ыңгайы үчүн бардык шарттар камтылат.