7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аял киши эч убакта түндүк көтөрбөйт!» Дөөлөт Сыдыков архитекторлорго кайрылды

2132

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас айылы» маданий этнокомплексин кайра куруу боюнча конкурстан өткөн 15 катышуучуга кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айитымында, азыркы Манас айылынын азыркы жасалгасы дагы атына заты жарашпайт.

«Кыргыздар, касиетти кастарлаган Манастын элибиз. «Манастын айылы» маданий этнокомплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында конкурс жарыялаганбыз жалпыңыздарга маалым. Катышууга катталгандардын саны 15 болду, баарыңыздарга ийгилик каалайм. Эми чыныгы кыргыз касиетин, Манас ааламын чагылдырып чийиңиздер дейт элем. Буга чейин көп эле эстеликтер орнотулду бирок кыргыз наркына, салтына ылайык келбейт. Биринчи сүрөттө турган түндүккө илинген үзөңгү ушул күнгө чейин элдин нааразычылыгын арттырып келет, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган эстеликте  ТҮНДҮККӨ ҮЗӨҢГҮ илдиришти, бир нече жыл борбордук аянтта АЯЛ ТҮНДҮК көтөргөн эстелик  турду эле, аял киши эч убакта түндүк көтөрбөйт. Манастын айылынын азыркы жасалгасы дагы атына заты жарашпайт. Буюрса, эми жасала турган Манас Айылы атына заты туура келе турган болуш керек. Кыргыз элине келген чет элдиктер сөзсүз ушул жерге келип, көзү менен көрүп, көңүлүн бөлүп кете турган жер болуш керек… Анан, Манаска келгенде коррупцияңарды токтотуп чүкөңөрдү алыс ойногула. Манаска, Манастай мамиле кылалы. Бир жагын оюп кетели, бир жагын союп кетели деген ой дагы болбосун. Манас айылынын азыркы абалы, 30 жылдан берки мамлекеттин абалы. Манаска мамиле оңолмоюн, эл оңолбойт. Анткени ата-бабаларыңды алдасаң алардын элин дагы алдайсың. Улутум кыргыз, урааным Манас- деп, уңгубузду улай турган кез келди», — деп жазылат кайрылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2133