7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайлык аялдар колго соккон таардан Германияда саркеч кедалар тигилет

1357
Чоң-Алайлык кол өнөрчү аялдар колго соккон таарлардан Германияда экологиялык таза, спорттук кедалар чыгарылат. Бул тууралуу журналист Жылдыз Бекбаева, ишкер аялдарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык Германиянын  экологиялык таза продукцияларды чыгарган компаниясы,  таза пахтадан, колго согулган Чоң-Алайдын таарларына чоң буйрутма берген.  Ак саргылт келген таардан спорттук кедалар жасалаары айтылат. Ал 2021-2022  жайкы коллекцияда  саркеч кийимдердин катарын толуктайт.
Аталган компания 3 айдан бери Алайдын таарынын составын изилдеп, экологиялык таза экенинине көздөрү жеткен соң гана буйрутма берген.
Таардын пахтасы Жалал-Абад облусунда химикатсыз өстүрұлгөн. Ал эми саргылт өңүн чыгаруу үчүн, чебер аялдар куркуманы колдонгон.
Германиялык компания менен келишим түзгөн Кыргызстандын  «Nomad Store» экокомпаниясы, алгачкы буйрутма сентябрь айында жиберилээрин айтат. 
Учурда, аталган таарды  Чоң-Алай районундагы Даарот-Коргон, Шибе, Жекенди, Жаш-тилек, Чак-Коргон айылдарынан 50гө жакын аялдар даярдап жатат. 30дан ашууну колго жип ийрип, 20дай аял таар согот.
 Ошондой эле, Баткендин Лейлек районунан 20дан ашуун аял жип ийрүүгө катышууда. Кол өнөрчү аялдарыдан башын бириктирип, буйрутма алган «Nomad Store» экокомпаниясынын негиздөөчүсү Насыйкат Имаилова, буйрутма чоң болгондуктан, таар сокконду билген жумушчуларга муктаждык бар экендигин айтат. 
«Германиялык буйрутмачылар менен декабрь айынан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бул аралыкта таардын үлгүсүн  3 ирет жиберип, 3-жолу гана буйрутма ала алдык. Бизге коюлган негизги талап, таар экологиялык жактан таза болууга тийиш. Баардык жумуш колго жасалып, көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Буйрутма чоң болгондуктан, учурда жипти ийрип, таар сого алган жумушчу аялдарга муктажбыз. Ошентсе да күчөтүлгөн режимде иштеп, буйрутманы өз маалында бүтүрүп беребиз деп турабыз«-дейт Исмаилова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1358