7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдар биринчи баласын канча жашында төрөйт?

488

Жыл сайын республикада 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.

  • Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял – 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи жолу никеге туруусунун орточо жаш курагы 24 жашты, ал эми кайрадан никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түзгөн.
  • Республикада орточо статистикалык аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт жана үч балалуу болот, бул жетишээрлик жогорку көрсөткүч болуп саналат. Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төрөт жөнөкөй өндүрүү деңгээлине чейин төмөндөсө, Кыргызстанда калктын жогорку деңгээлде көбөйүшү камсыздалат, т.а., өлкөнүн калкынын саны көбөйүүдө.
  • Иштеген адамдардын жалпы санындагы жогорку кесиптик билимге ээ аялдардын үлүшү 2021-жылы  28 пайызды, ошол эле убакта эркектердин үлүшү 19 пайызды түзгөн, ал эми орто кесиптик билимге ээ адамдардын санында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17 жана 9 пайызды түзөт.
  • 2023-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 2022-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыктарын эске алганда 7 миллион адамды түздү. Ошол эле убакта Кыргызстандын калкынын жалпы санында эркектерге караганда аялдардын санынын өсүшү (50 пайыздан ашык) сакталууда.
  • Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш). Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Учурда 60 жашта болгон аялдар дагы 21 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ, ошол эле убакта эркектердеги бул көрсөткүч болгону 15 жыл. Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6-1,7 эсеге жогору.
  • Республиканын калкынын жаш курактык курамы никеге туруунун жогорку жыштыгын көрсөтөт. 2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489