Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. 7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.
Тергөөчү кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.