7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялын жигиттер менен тааныштырып, аларды кайра тоноп жүргөн жаран кармалды

687

Кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган 30 жаштагы Н.А. уулу өзүнүн жубайы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген.

Анын жубайы “Одноклассники” аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушуу тууралуу макулдашкан. Жолугушууга аялдын жолдошу (А.Н. уулу) барып, өзүн “кызганчаак күйөө” катары көрсөтүп, жаш жигиттерди коркутуп-үркүтүү, сабоо жолу менен акча опузалаган.

 

Алсак, 9-январда аталган адам жолугушууга келген А.Н. аттуу жаранды сабап, Daewoo Nexia унаасын тартып алган. Андан соң 100 миң сом опузалаган. Шектүү 12-январда кармалган.

 

Мындан тышкары, шектүү “коллектордук кызмат” деп аталган Ишкерлерден опузалап акча талап кылган иш менен алектенген, буга чейин “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

688