7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Аю” заводунан мыйзамсыз жүгүртүлүп жаткан 269 тонна спирт, 12 миң бөтөлкө ичимдик табылды

664

“АЮ” компаниясынын заводун тинтүү учурунда 260 тонна мыйзамсыз спирт жана акциздик маркасы жок 12 миң бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Сокулук айылында жана Токмок шаарында тинтүү жүргүзүлүп, даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдиктер табылган.

Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды. Жалпы 118 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы менен ишкананын башкы технологу кармалды. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдар такталууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665