7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кезектеги алтын! Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду

790

Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду. Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге. Ал эми, кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге, эркин күрөш боюнча 1 күмүш жана 2 коло байге.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791