“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун Ош облусунун аймагындагы жетекчилеринин диверсиялык аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), СД дисктери (10 даана), флеш- карта, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынды.
Алар диний экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгы боюнча айыптоо чаралары каралат.