Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, 2023-жылы Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөт. Бардык иштер жол сезонунда бүткөрүлөт.
Нарын облусуна иш сапары менен барган транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө көз салып, жолдорду сапаттуу, белгиленген нормага ылайык курууну тапшырды.
Ал ошондой эле президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу максатында калаанын ички жолдорун куруу иштерин тездетүүнү тапшырып, бул иштер жеке көзөмөлүнө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.