15-16-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
«Сел каптоонун алдын алуу үчүн коопсуздук иш-чараларды сактап, арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл»- деп билдиришти ӨКМден.