7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Темиркулов: Тоолуу мамлекеттер маселесине Кыргызстан дүйнө коомчулугун көңүл бурууга көндүрдү

479

Жаратылыш ресурстары жана экология министринин мурдагы орун басары Азамат Темиркулов: Бакы шаарында 11-ноябрдан 22сине чейин климат боюнча 29-эл аралык конференция (Conference of the Parties – COP29) болуп өттү, анын башталышына президент Садыр Жапаров дагы келип, 2 күн катышып кетти, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы саммитте 2 күн болду, бир нече министрибиз жана башка адистерибиз катышты.

Кыргызстан бул саммиттин жыйынтыктоочу кагаздарына – тоолуу мамлекеттер маселесин киргизүүгө жетишти жана бул оңой болгон жок. Алгач демилгени Андорра көтөргөн, Кыргызстан демилгеге кийин кошулган, бирок андан соң Андорра бул багытта эч нерсе кылбай калды, ошондуктан былтыр Дубайда өткөн 28-саммитте Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн маселесин көтөргөн жана быйылкы саммитте уюштуруучулар бизди демилгебизден баш тарттырууга аракет кылды, бирок биз бекем туруп, 2027-жылы Экинчи тоо саммитин өткөрүүгө дүйнө мамлекеттерин көндүрдүк…

480