Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.
Ал эркин күрөш боюнча мелдеште 57 килограммга чейинки салмак категориясында чыгууда.
Алмаз уулу 1/8 финалдан баштап, казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, бирок 1/4 финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калды.
Америкалык спортчу жарым финалда Өзбекстандын спортчусун жеңип, финалга чыгып, Алмаз уулу коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды.
9-августта жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында балбан кытайлык Ванхао Жу менен беттешип, нокаут менен жеңишке жетишти.
Кечинде ал коло үчүн күч сынашат. Анын атаандашы өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев болмокчу.