7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Азаттык медиага» карата коюлган чектөөлөр алынды

960

“Азаттык медиа” чоң коомдук талкуу жараткан, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин президент Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

«Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык медиага” карата чектөөлөр алынат. Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле Мамлекет башчысы менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан. Бул, өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыйуу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек. Ар дайым айтып келгем жана дагы да айтам – сөз эркиндиги бизде болгон, бар жана болот. Ошону менен бирге, бардыгын улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырып кетем»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

961