7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азенбек Козукеев Сосновкадагы ЖКККББнын тескөөчүлөрүн күтүүсүз текшерди

250
Бүгүн таңкы саат 05:00дөн баштап ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн, Жайыл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүн күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Жолго чыкпай иш бөлмөдө отурган кызматкерлерди катуу сындап, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, аралыкты сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону, коопсуздук курун тагынууну эскертти. Жол тескөөчүлөрүнө мамлекеттик номери көрүнбөй калган автоунаалар “Коопсуз өлкөнүн” видеокамераларына түшпөй кала турганын айтып, номерин тазалатууну тапшырды. Ар бир айдоочу менен маектешип, профилактика иштерин күчөтүүнү белгиледи.
251