7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжанда «Кыргызстандын маданият күндөрү» расмий ачылды

465

Азербайжанда «Кыргызстандын маданият күндөрү» расмий ачылды. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов, Азербайжандын Маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли мырза, Кыргызстандын Баатыры Медеткан Шеримкулов баштаган Кыргызстандын интелегенция өкүлдөрү, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган мекендештер катышты.

Ачылыш аземде Алтынбек Максутов Кыргызстан менен Азербайжан элинин маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна өлкө башчыларынын расмий сапарында жетишилген макулдашуулар экендиги баса белгидеди.

Ошондой эле ал кыргыз — азербайжан элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, бул сыяктуу биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий байлыгын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңирээк сезе алабыз деди.

Маданият күндөрүнө Улуттук “Манас” театрынын төкмө–акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык- симфониялык оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак- Марал” бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү, “Мурас” фольклордук- этнографиялык ансамбли катышып, концерттик программа өзгөчө форматта өттү.

Салтанатттуу иш- чара Гейдар Алиев атындагы Мадланий борборунун чоң залында өтүп, ага кыргыз искусствосунун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Мындай маанилүү иш-чара президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен Комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда.

466