Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Февраль айында М.Б.М. тарабынан Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги жөнүндө маалыматтар алынган. Мындан улам, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен курулуш компанияларынын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды.
Ал тергөөгө чейинки текшерүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.
Аталган сумманын жарымын, 9800 АКШ долларын УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда «өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен кармалды. 23-апрелде Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.