7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азис Сапаралиев Экология министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

418

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Парламент учурда каникулда болгондуктан Азис Сапаралиев сентябрга чейин министрдин милдетин аткаруучу статусунда иш алып барат.

Эске салсак, мурдагы министр Мелис Тургунбаев 26-июнда кызматынан бошотулуп, кийин Улуттук банктын төрагасы болгон. Ал аталган кызматты 2023-жылдын мартынан бери аркалап келген.

419