7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Президент 2030-жылга эң мыкты өлкөлөрдүн 30 тобуна кирүүгө жетүү тапшырмасын койгон»

311

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев журналисттерге президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериштин бүгүнкү жолугушуусунун алкагында кандай маселелер талкуулана тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында, тараптар кеңири эл аралык күн тартибин — аймактык маселелердин алкагында кызматташуу маселелерин, аймактык коопсуздукту жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулашат. Башкача айтканда, БУУнун чоң күн тартибине бириктирилген бардык маселелер каралат.

Ал белгилегендей, акыркы жылдардагы Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча эл аралык аренада алгылыктуу жылыштар байкалууда. Бүгүнкү жолушуу жана сүйлөшүүлөрдө ушул тууралуу дагы сөз болот.

«2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча 166 мамлекеттин ичинен 45-орунга чыкты. Садыр жапаров 2030-жылга эң мыкты өлкөлөрдүн 30 тобуна кирүүгө жетүү тапшырмасын койгон. Буга чоң саясий эрк жана аракеттер бар. Эң башкысы биздин коомчулуктун бардык мүчөлөрүнүн активдүү иштөөсү. Андан кийин Антониу Гутерриш БУУнун системасындагы жетекчилер менен жолугушуусу, маданий таанышуу программа пландалган. Ал эми эртең эрте менен ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Астанага учуп кетет», — деди чиновник.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

312