7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңди

927

21- апрелде, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тозуп алышкан.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов, биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышкан.

Нурланбек Исмаилов департамент жана Мадания, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин атынан куттуктап, Азия чемпонаты быйылкы жылдын эсебинен ийгиликтүү старт болгонун белгилеп, кийинки мелдештерге ийгилик каалады. Ошондой эле күрөш федерациясы менен биргеликте Париж Олимпиадасына ушул жолду улап кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрель күнү старт алган. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Тынарбек Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жана Адилхан Нурланбек уулу, Узур Жузупбеков, Ким Роман коло медалдын ээси болушту.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 25-апрель күнү жыйынтыкталат. Бүгүн, 23-апрель эркин күрөш боюнча беттештер башталат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

928