7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбан Роман Ким коло медаль жеңди

854

Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Роман Ким коло медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.

Кыргызстандык балбан 130 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы казакстандык Алимхан Сыздыковго жеңилип калган.

Бирок, казакстандык балбан финалга чыккандыгы үчүн коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн кармашууда япониялык Арата Сонода белгисиз себептерден улам килем үстүнө чыкпагандыктан, жеңиш кыргызстандык балбанга берилген.

Ал эми буга чейинки күрөштө Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбеков алтын медаль багындырган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

855