7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында Арууке Кадырбек кызы коло медалга ээ болду

594

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Арууке Кадырбек кызы чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында 55 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болду.

Спортчу жалпы эки беттеш өткөрүп, 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түндүк Корея өлкөсүнөн келген балбан кызга 0:10 эсебинде жеңилип калды.

Кийин атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орунга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттеште казакстандык Зульфия Яхярова аттуу балбан кызды 5:3 эсеби менен утту.

595